Телеканалдын профсоюз уюму 4-февралда бул маселени карап, директор кабыл алган чечимди колдоого мажбур болду.

 

Бул тууралуу өзүнүн атын атагысы келбеген кызматкерлердин бири билдирди.

 

“Директор өзүнө жаңы кызматтык унаа алуу үчүн учурдагы кызматтык унаасын өтө арзан баага сатып жатат. Учурда телеканалда иштеген 50гө чамалуу кызматкерлер, съемка жана башка иш чараларга колдонуу үчүн авто унаага муктаждык жогору. Бирок директор ушул маселени көз жаздымда калтырып, кызматтык унааны болгону 20 миң сомго сатып жибергени адилетсиз чечим деп ойлойм. Телеканалда кызматкерлер үчүн шарт деле жогорку деңгээлде деп айтуудан алысмын. Азыр 20 миң сомго жакшы кол телефон да келбейт да”,- деди атын атагысы келбеген кызматкер.

 

Учурда башкы директор колдонуп келген кызматтык унаа 2010-жылы ЖТРКга 3000 долларга сатылып алынган.