Канттагы №4 мектеп-гимназиясында эки чейректен бери орус тили жана адабияты сабактары мугалимдердин жоктугунан өтпөй жатат. Бул тууралуу окуучулардын ата-энелери маалымат каражаттарына билдиришкен.

 

Анда айтылгандай, экинчи чейректен бери 6 “В” жана “Г” класстары орус тили жана адабияты сабактарын окуша элек. А информатика сабагын мектептин катчысы өтөт.

 

 Алар бул маселе менен мектеп директоруна кайрылышкан. Директор ата-энелерге педагогдорду таап, мектепке иштөөнү сунуштоо керектиигин айткан.