Каржы министрлиги Жогорку Кеңешке караштуу “Арген” бала бакчасына сатып алуулар боюнча туура эмес жарыяланган маалыматтарга кызматтык иликтөө жүргузүшөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка караганда, “Инфосистема” мамлекеттик ишканасы жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча департамент өткөрүлгөн тендерлер боюнча отчетторду түзүүдө техникалык ката кетип калганын моюнуна алган. Каржы министрлигинде аны иликтөөгө комиссия түзүлдү.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында айыптуу деп табылгандар жоопкерчиликке тартылышат.
“Арген” бала бакчасына 40, 3 миллион сомго сатып алуулар жүргүзүлгөнү тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланган. Кийинчерээк бул маалыматка түзөтүү киргизилип, ири сумма программанын бузулганынан жазылып кеткени айтылган.