Башкы прокуратура АКШнын тийиштүү кызматтарына Калыбек Саляновду (Элтуйбасов) экстрадициялоо боюнча өтүнүч жиберди. Бул тууралуу ИИМ министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.
Айтымында, Салянов буюм далилдерин жок кылган деп шектелүүдө. Ал эми АКШда ал миграциялык мыйзамдуулукту бузганы үчүн кармалган. Текшерүү учурунда анын Интерпол аркылуу издөөдө жүргөнү да аныкталган.