Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча күбөлөргө эч ким басым жасаган жок. Калыбек Элтуйбасович бул иште күбө катары өткөн, айыпталуучу эмес.

 

Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМ министри Кашкар Жунушалиев билдирди.

 

 “Күбө Элтуйбасовго суроолорубуз бар, ошондуктан экстрадициялоо зарылчылдыгы бар”, - дейт министр.

 

Эске салсак, 20 жаштагы студент кыздын өлүмүнө шектүү катары каралгандан кийин Калыбек Салянов Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен болчу. Жакында карындашы Аида Салянова маалымат жыйын өткөрүп, агасы АКШда миграциялык мыйзамдуулукту бузганы үчүн кармалганын билдирген.