ИИМ министри Кашкар Жунушалиев кылмыш жасаган милиция кызматкерлерин эч ким актабай турганын маалымат жыйынында билдирди.
Айтымында, алардын баары камакка алынып, учурда абакта отурушат.
Белгилей кетсек, ушул жылдын башталышынан бери формачандардын катышуусундагы адам өлүмүнө жеткирген жол кырсыктары, акча талап кылуу жана кыйноо фактылары ачыкталган.
Министр кылмышкерлерди эч убакта коргобой турганын белгиледи.
“Эгер биз аларды кармабасак, анда катарыбыз тазаланбайт”, - деди министр.