УКМК Сириядагы согушка катышып келген Кыргызстандын жаранын кармады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка караганда, 41 жаштагы Х. Т. буга дейре курал-жарак, ок дарыларды мыйзамсыз сактоо, алуу боюнча соттолгон. 2014-жылдын февралында жасалма паспорт менен Түркияга, андан кийин Сирияга учуп кеткен.
УКМК билдиргендей, кармалуучу аз убакыттын ичинде эл аралык терроризмдин активдүү функционерине айланып, Сириядагы согушка катышкан.