Өзгөндө 7-класстын окуучусу алты айлык кош бойлуу экени белгилүү болгон. Иликтей келгенде, өспүрүмдү өз атасы зордуктап жүргөнү аныкталган. 

 

"Ак жүрөк" кризистик борборунун жетекчиси Дарика Асылбекованын айтымында, кыз 14 жашта, мектепке барган болсо да тамга тааныбайт. Анын бир тууган агалары да бар, энеси бир канча жыл мурда каза тапкан. Агалары кызга кол салышкан эмес, бирок атасынын зордугунда калганын билишчү. Анткен менен атасына эч нерсе дешпеген. 

 

Учурда гинекологлор кызды текшерүүгө алышууда. 

 

Өзгөндө милиция кызматкерлери жашы жетелектердин турмуш-шарты менен таанышып жатып, 14 жаштагы кыздын кош бойлуу экенин көрүшкөн. Кыз психикалык жактан оорукчан өз атасы тарабынан кордолгону маалым болгон.