Талас облусунун Кум-Арык айылында таксист жүргүнчүсүнө сексуалдык зомбулук көрсөткөн. 

 

Укук коргоо кызматынан билдиришкендей, 38 жаштагы аял Бишкек-Талас багытындагы таксиге отурган. Кум-Арык айылына кире бериште, автоунаанын ичиндеги башка жүргүнчүлөр түшүп кетишип, жалгыз аял калат. 

 

Таксист аны күч колдонуп зордуктап салган. Укук коргоо кызматына аял арыздангандан кийин шектүү тез эле колго түшүп, Бакай-Ата районунун 29 жаштагы тургуну болуп чыккан. 

 

Сот аны ушул жылдын март айына чейин үй камагына чыгарды.