Ошто эки кичинекей кызын ижарага алынган батирге жалгыз таштап коюп он күндөй дайынсыз кеткен энени милиция жана социалдык кызматкерлер табышты.
Ош ИИБинин маалыматына караганда, эне жеке жашоосун жайгаруу үчүн кеткен экен. Ал Кара-Суу районуна барып, жумушка кирип, ал турмак турмушка да чыккан. Кыздарынын атасы менен ажырашып кеткен жана мурдагы күйөөсү учурда Россияда иштеп жүрөт. Аялдын өзүнүн турак-жайы жок. Кыздардын тагдырын социалдык кызматкерлер чечишет.