Министрлик аталган райондун билим берүү бөлүмүнө №20 орто мектептин сабактардын расписаниесин бир дагы бала чатырда окубагандай кылып түзүү тапшырмасын берди.

 

Ошону менен катар министрлик тарабынан архитектура, курулуш Мамлекеттик агенттигине Ажек айылына жаңы мектеп куруу маселесин 2019-жылдагы титулдук тизмеге кошуу сунушун жиберди.

 

Эске салсак, аталган орто мектептин 200 окуучусу ушул жылдын январь айынан бери чатырларда билим ала башташкан.

 

Анткени, алар окуган мектеп имаратында жарака кетип,  өмүрлөргө кооптуу жагдай түзүлгөн.