А.Ж аттуу 1988-жылы туулган, толук эмес орто билимдүү, үй-бүлөлүү жаран өткөн жылдын 8-октябрынан бери Каракол шаарындагы абакта кармалып турган. Ага кишинин ден соолугуна атайылап оор залал келтирүү, этиятсыздыктан киши өлүмүнө жеткирүү беренеси боюнча айып тагылган.
Иштин материалдарына караганда, 7-октябрда, кечки саат 7лерде айылдын Ж.К. аттуу тургуну мас абалында коңшусунун үйүнө кирген. Үйгө кирип 78 жаштагы байбичеге асылып, кийимин чечүүгө аракеттенген. Байбиче кыйкырганда уулу А.Ж. кирип келген да, болуп жаткан окуядан өзүн жоготуп койгон. Ал Ж.К.ны сабап баштаган, муштаган жана тепкен. Тепки жеген адам алган жараатынан ооруканага жеткирилгенден кийин көз жумган.
Соттук-медициналык экспертиза кылмышты жасаган учурда А.Ж.нын аффект абалында болгонун аныктаган. Мындан улам комиссия аны психиатриялык ооруканада мажбурлоо жолу менен дарылануу чечимин чыгарды.
Эске салсак, өткөн жылдын октябрь айында жүрөк үшүн алган бул окуяга коомчулукка тараган.