Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Ак-Кыя айылынын тургундары алкоголдук ичимдиктерди пайдаланууну түп-тамырынан бери токтотууну туура деп табышты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, 2-февралда айылдыктар жыйынга чогулуп, анда алкоголдук ичимдиктерди ичүүнү токтотуу тууралуу маселе айтылды. Тургундар ичимдиктердин коомдук кырдаалга терс таасир берээрин жана анын кесепетинен бейбаштык иштер көбөйүп жатканын белгилешти.

 

 Бирок, жергиликтүү ишкерлер мындай тез арада чечим кабыл алууга каршы болушту. Алар 1-мартка чейин убакыт сурашты, анткени дүкөндөрүндө сатылбаган алкоголдук ичимдиктер бар болгондуктан, аны сатып түгөтүүлөрү керек.

 

Ошону менен ичимдиктерди андан кийин айылга алып келбөөгө убада беришти.

 

Айылдыктар тыюу салынганына карабай айылга ичимдиктерди сатууга алып келген соодагерлерге он миң сом айып пул салынаарын эскертишти.