Кыргызстанда “Маданий - тарыхый кербен” долбоору башталуу алдында турат. Демилгечилери куудул Борончу Кудайбергенов жана жарандык активист Кайрат Кыштообаев.

 

Демилгечилердин айтымында, долбоор кыргыз элинин тарыхын кийинки муундарга сиңирүү үчүн иштелип чыкты.

 

“Биз бабаларыбыздын жасаган маанилүү иштерин, маданиятыбызды, нечен кылымдык тарыхыбызды унутуп баратабыз. А жаштар руханий каада-салт жаатына байланыштуу маселелерден такыр эле алыстап калышты. Бул маселелер бири бири менен байланышта жана заманбап жашоонун - глобалдаштыруунун, маалыматтыктехникалык доордун өнүгүшүнүн таасири менен бир бүтүнгө айланды. Мунун айынан келечекте эне тилинин байлыгынан куру калган, дүйнөлүк жана атамекендик классикалык маданияттын эч нерсесин сиңире албаган, мекенинин өткөнүн эстебей, учурдагысына кошулбай, болочогун элестетпеген муундун жаралуу коркунучуна кабылдык”,- дешет алар.

 

Так ушул бүгүнкү күндүн көйгөйүнө айланган жагдай уюштуруучулардын аталган долбоорду иштеп чыгышына түрткү болду. Алар бул аракеттери менен заманбап жаштардын агымын гана эмес, Кыргызстандын ар бир жаранын мекенчил атуулга айлантууга салым кошобуз деген ишеничте. Биз долбоор тууралуу куудул Борончу Кудайбергеновдон сурадык.

 

- “Маданий-тарыхый кербени” долбоору боюнча айтып берсеңиз? Кандай жол менен ишке ашырасыздар?

 

- Жаңы долбоор өлкөнүн жети облусунун ортосунда бирибирине эстафета катары өткөрүп берүү менен ишке ашат. Ар бир аймактын көзү өтүп кеткен тарыхый инсандарын эскерип, учурда элдин жүгүн көтөрүп бараткан эразаматтарын таанытуу максатында ушундай аракеттерди жасоону чечтик. Бул концерт түрүндө болот. Кайсы аймак өткөрсө, ошол жактан чыккан талантуу ырчычоорчулар, таланттуулар катышат. - Биринчи кайсы облустан башталат? - Биз күнүн да белгилеп койдук. Буйруса, 5-мартта Спорт сарайында Талас облусу баштап берет. Анда Таластан чыккан таланттуулар концерт берет. Концерттин башында, ортосунда жана аягында белгилүү инсандар тууралуу маалымат кетет. Биринчи көзү өтүп кеткен бабаларыбыз, баатырларыбыз, алардын Кыргыз мамлекети үчүн кошкон салымы, эл үчүн аткарган иштери айтылат. Экинчи бөлүгүндө ортоңку муундагы өз иши менен көпчүлүктөн айырмаланган аксакалдарыбыз, улуу инсандарыбыз айтылат. Акыркы бөлүгү учурда абийирдүү иш-аракеттери менен калк көзүнө урунган ар кайсы тармактын өкүлдөрү тууралуу кеп козголот. Алардын арасында Улуу Ата Мекендик согуштун баатырлары, катышуучулары, мамлекеттик ишмерлер, өнөрпоздор, таланттуулар бар. Кээ бир адамдардын эрдигин ошол өзү жашаган аймак гана эстеп калат, жалпы өлкөгө чыкпайт. Биз ошондой бараандуу иши менен бир аймакты алдыга сүйрөгөн, бир аймактын сыймыгына айланган инсандарды да коомчулукка чыгаруу ниетиндебиз.

 

- Кербен деп аталганына жараша кайсы аймакка арналса, ошол жакта өткөрүлбөйбү?

 

- Жок, эки айда бир жолу Бишкектеги Спорт сарайында гана өткөрүлөт. Азыр борбор калаада жети облустун тургундары жашайт. Талас, Ысык-Көл, Ош, Баткен - деги эле баарынын өкүлдөрү Бишкекте көп. Андыктан, аймактарга чыгуунун деле зарылчылдыгы жок деп ойлойм.

 

- Таластан кийин кайсы облуска берилет?

 

- 5-марттагы концертте Талас облусунун губернатору катышып, аягында ал кийинки кезекти Чүй облусунун губернаторуна тапшырат. Андан кийин кырдаалга жараша улам кийинки аймакка берилип жүрүп отурат.

 

- Бир жылдан ашык убакыт кетет экен. Андан кийин долбоордун жыйынтыктоочу кандай максаты бар? -

 

Концерттерде бабаларыбыз, инсандар тууралуу маалымат кетет. Ошолордун баары топтолуп бүткөндөн кийин долбоор жыйынтыкталгандан соң, топтом китеп чыгаруу ниетибиз бар. Анда ар бир тарыхый жана учурдагы белдүү инсандар тууралуу кенен маалымат табууга болот, сүрөттөрү менен кошо берилет. Анткени, кийинки муун кимдинким экенин билбей калуу коркунучу бар. Кээ бир шарты бар адамдар тарыхта калган бабалары жөнүндө китеп чыгартып жатышат. А бирок, көпчүлүк тарыхый инсандарыбыз жазылбагандыктан, жыл өткөн сайын убакыттын бүктөмүндө калууда. Биз ушул жетишпестикти жоюуну колго алдык. Ал китеп орто, атайын жана жогорку окуу жайларында билим алып жаткан окуучуларыбызга, жаштарыбызга колдонууга ыңгайлуу болооруна ишенем.

 

 

Мадина РЫСБАЕВА

Булак: “Майдан. kg” гезити