Урматтуу Сооронбай Шарипович, Урматтуу Идрис Кадыркулович, Урматтуу Гүлбара Утюровна, Мен Араван районундагы “Түштүк ЮГ” фирмасынан 2013-жылы сентябрь, октябрь айларында 1 млн 200 миң (бир миллион эки жүз миң) сом акча алганмын. Ушул эле акчага 1 миллион 200 миң сомдук пахтаны фирмага тапшырганмын. 2014-жылы май айында мен иштерим менен Стамбул шаарына кеттим. Стамбулдан келгенден кийин Араванга “Түштүк ЮГ” фирмасына келсем, “дагы иштеп бересизби, келишим түзүп коёлу”- дешкенинен, мен макул болдум, ошентип, 2014- жылы 1-июнда 172 650 сом (бир жүз жетимиш эки миң алты жүз элүү) сомго келишим түздүк. Пахта сезону келгенде мен иштегим келбеди, ошон үчүн Араванга фирмага барганым жок, 172 650 сомду да кассадан албадым. 2017-жылы июль айында фирманын төрагасы Билал Ахмедов бир Света деген адвокат кыз менен келип, “баягы келишимдеги 172 650 сомду алдым деп тил кат берип коюң, бул аял биздин адвокат, жамандык ойдо жок, текшерип жатышат, текшерүү бүткөндөн кийин жаап салабыз”- дегенинен макул болгом жана “эки-үч айда кайтарып беремин”- деп тил кат бергенмин, 2018-жылы күтүүсүздөн эле мени Араванга сотко чакырды.
Араван райондук сотунун төрагасы Бакыт Сарыбаев деген “Түштүк ЮГ” фирмасынан акча алган экенсиз, пенясы менен 516,45 миң сом (беш жүз он алты миң кырк беш) сом болот деген чечимин чыгарды. Менин башыма эч нерсе кирбей шашып калдым, “макул, чечимди жөнөткүлө” деп, “чечимди алдым” деген жерине кол коюп берип келе бердим. Мен Б.Ахмедовго 10-сентябрда чалсам, “чечим чыга элек” деди, кийин 17-сентябрда, 22- сентябрда чалсам да ушул эле жоопту айтты. 23- сентябрда чалсам Ахмедов мага: “Сагын аке, чечим чыкпай турган болду, сиз негизги сумманы кайтарып коюңуз, болду, арабыз ачык”- деди, мен акча таап жөнөтө баштадым, 60 миң сом жөнөттүм. Ушунтип жан талашып жүрсөм, 25-октябрь 2018- жылы мени Жалал-Абад шаардык сот аткаруучу Исмаилов Алмаз деген чакырып, “Араван райондук сотунан 2017-жылы 8-августта чечим чыккан экен, кутулуп коюңуз”- деди. Мен Алмазга, “иним ал иш бүткөн, чечим чыкпай турган болгон, мен аларга 60 000 сом акча которуп койгонмун” десем, Алмаз мага “8-августта чыккан соттун чечимин көрсөттү. Көрсө, Ахмедов менен Света мага соттун чечимин көрсөтпөй, бекитип жүрүшүп, качан убагы өткөндөн кийин Света өзү апкелип, ЖалалАбад шаардык сот аткаруучуга таштап кетиптир. Булардын ою жаман, койнунда котур ташы бар экенин ошондо байкадым. Анан менин башыма бир аздан түшүнүк кире баштады. Көрсө, алар мага албаган эле акчаны төлөтө беришиптир. Сотторго менин сөзүм өткөн жок.
Мен дароо Ош областык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылдым. Областык соттун апаратында коррупция кайнаган бойдон экен. Соттук териштирүү “Түштүк ЮГ” фирмасынын пайдасына чечилди, мени эч ким укпай койду. Жогорку сотко арызданайын деп жүргөн мезгилде ооруп калдым. 2017-жылы май айында өтүмдү алдыргам элем. Августтан баштап Жалал-Абаддан Араванга сотко каттай берип, урунуп-беринип, көкүрөгүм тигишинен сөгүлүп, допудай болуп шишип грыжа пайда болуп кетти. Кербенге врачтарга барып көрүнсөм, “өтө чон экен азыр алдырганга болбойт, ичеги-карындарыныз ылдый ордуна түшсүн”- деп аябай каттуу сыгып, ичимди мата менен байлап, “үйдө чалкаңыздан жатыныз, көп баспаңыз” дегенинен мен үйдө ноябрь, декабрь ичи жаттым. Январь 2018-жылы барып көрүнсөм, “дагы бир аз бар экен”- деп дагы катуу сыгып байлап беришти, январь ичи да үйдө жаттым. Февраль айында барып операция болдум, байбичем Орункулова Анаркан карап жатты. 3-мартта оруканадан чыктым. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” болуп, 13-мартта байбичем оор диагноз менен Жалал-Абад областтык клиникалык ооруканасынын онкология болүмүнө түшүп калды. Ушуну менен байбичемдин жанынан чыкпай күн-түн байландым, акыры октябрь айында доктурлар “үйдөн карагыла” деп чыгарып салышты. Жогорку сотко арыздануу мөөнөтү өтүп жатканын билип эле жүрдүм, бирок, оор абалда жаткан өмүрлүк жубайымдын жанынан чыгып кета албадым. Врачтар ооруканадан чыгарып салгандан кийин, “кудай сактасын!” деп туугандарыма, балдарыма дайындап, Жалал-Абадка (өзүм Аксыда турам) келип, адвокатым менен сүйлөшүп, Жогорку сотко “өтүп кеткен процессуалдык мөөнөттү калыбына келтирүү” арызын жазып жөнөттүм.
Арыз 7-ноябрда Араван райундук сотунан кетти, 27-ноябрда Араванда мага “Түштүк ЮГ” фирмасынын башкы бухгалтери Билал Ахмедов прокурордун тергөөчүсүнүн кабинентинде жолугуп, “Сиз Жогорку сотко арыз жазган экенсиз, ал арызыңыз ишке ашпайт, менин адвокатым бул маселени чечип келгени Бишкекке кетти”- деди. Ошондо прокурордун Автандил деген тергөчүсү: “эй, Бишкекте эмне бар, маселе бул жерде чечилиш керек”- деди, ушул сөздөн кийин Билал тергөчүнүн сөзүнө кулак салбай, сыртка чыгып кетти. Мен Билал менен кошо сыртка чыктым, ал мага: “Менин адвакатым соттор ыраазы боло тургандай болуп даярданып кетти, сенин арызың ишке ашпайт”- деп кетип калды. Мен кайра тергөөчүгө кирип, иш бүткөндөн кийин чыгып Билалга чалып, “кел ачыгырак айтып бер, сүйлөшүп алалы” десем, “мен сени менен сүйлөшпөйм” деп байланышты үзүп салды. Мен Билалдын адвокаты Света акча менен кеткенин түшүндүм. Аравандагы сөздөрдү түшүндүрүп айтып коёюн деген ойдо 29-ноябрда мен да Жогорку сотко келдим. Мени төрайым кабыл албады. 111-бөлмөдөгү кыз кабыл алып, “сиз 18-декабрда келиңиз, сизди Асанова кабыл алат, 24-декабрда сотунуз болот”- деди. Мен сүйүнүп калдым, тез үйгө кайттым, келсем байбичем чыйралып калыптыр, бир аз жылыш жакшы жагына болгон экен. “Эмне болду?”- деди акырын, мен болгонун болгондой айтып бердим, байкушум сүйүнгөнү өңүнөн билинди. “Акыбалың кандай?”- десем, акырын башын ийкеп койду. Мен 17-декабрь күнү кайрадан Бишкекке Жогорку сотко барайын деп даярдана баштадым. Байбичем мени акырын жалооруй карады да, “каякка?”- деди.
- Бишкекке баягы иштер боюнча барып келейин, тез эле келем,- дедим. Ошондо байбичем мага: - Кой Саке, барбачы, менин жанымда олтурчу, мен коркуватам, Саке кетпечи, Саке кетпе,- деп аябай чөгүп кыйналган абалда айтты, жүрөгүм тилинди, кырк бир жыл чогуу жашап, ушунтип жалдырап, мени өтө чоң тоо тутуп, мага жөлөнүп калганын биринчи көрүшүм. “Айлам жок, барбасам болбойт”- деп сумкамды колума алып, байбичемди карасам көзүнө жашы тегеренип акырын ылдый кулады, мен да ыйлагым келип бакырып жибере жаздадым, бирок, көз жашымды көрсөтпөйүн деп башымды жерге салып чыгып кеттим, үйдө ыйлап байбичем калды, мен ыйлап Бишкекке жөнөдүм. Байкушум канча жолу командировкага кетсем, бир да жолу “тезирээк кел” деген эмес, “Карадо жеңил барып, оор кел”- деп койчу (мага Карадо деп эркелейт эле), ушул кыял жоруктарын эстеп буркурап жибердим.
18-декабрь күнү саат 8 30 да мени Асанова деген сот кабыл алды. Мен сотко эки жолу операция болгонумду, андан кийин байбичем оор абалда Жалал-Абад областык клиникалык ооруканасынын онкология бөлүмүнө өтө оор диагноз менен түшүп калганын, тогуз ай күн-түн анын жанынан чыкпай калганымды, азыр врачтар “үйдөн карагыла” деп чыгарып салганын, акырында Аравандагы Билалдын сөздөрүн, даттануу мөөнөтү өтүп жатканын билип эле жүргөнүмдү, бирок айлам жок эле деп тизмектеп баарын түшүндүрүп айтып бердим. Асанова мени ойлуу карап туруп, “ии акыбалыңыз оор экен, азыр мага кандай айтсаңыз, соттук коллегияда ушундай кылып тизмектеп айтыңыз, менимче алар туура эле түшүнөт болуш керек”- деди. Мен сүйүнүп калдым. 18-декабрь күнү кечинде Бишкекте жашаган карындашымдыкына барайын деп 18- багыттагы автобуска чыктым, түшүп карындашыма чалайын десем телефонум жок, автобуста уурулар алып кетишиптир, эртеси күнү карындашымдын телефону менен уулум Төрөгелдиге чалып, “апаң кандай?”- десем “жакшы” деди. - Уулум, мен телефонумду урдатып койдум, мага чалбай тургула,- дедим. - Ээ ата, кейибең үйдө телефондор бар, иштете бересиз,- деди. Ушундан кийин үй менен байланышым үзүлдү.
24-декабрга чейин Бишкекте болдум, 24- декабрь саат 1430 да биздин соттук териштирүү башталды. Териштирүү мен ойлогондой болгон жок. Залга кирсек үч сот олтуруптур, Исакова деген ордунан турду да кабагын салып, көзүнүн үстү менен карап: - Ызабеков сизби?- деди. - Ооба - Экинчи тарап келген жок, соттук териштирүүнү баштай берелиби? - Макул. Кыргызчаны так сүйлөп так түшүнгөн Исакова орусча сүйлөй баштады. Менин адвокатым ордунан туруп, “бул аксакал орусчаны жакшы түшүнө бербейт” деди эле, Исакова: “Эмне кылабыз, процесс орусча да”- деди. Ушундан кийин бир кыз келип менин жаныма олтуруп калды, ал кыз кандай кыз экенин мен түшүнгөнүм жок, көрсө ал котормочу экен, ал кыз мага бир да сөз которгон жок, жөн эле менин жанымда олтуруп, процесс бүткөндөн кийин чыгып кетти. Исакова соттук процессти орусча баштады, мен жазган арызды, медициналык тактамаларды кайра-кайра барактап, мага күйгөн киши болуп көрүнгүсү келгенин байкап олтурдум. Өзүмчө эле “бул корупцияга белчесинен баткан аял, бул процесс менин пайдама чечилбейт ко”- деген ойго кеттим. Менден бир ооз сөз сураган жок, сүйлөйүн десем уруксат да бербеди. Адвокатым мен тууралуу жана каралып жаткан иш, үйбүлөдөгү оор абал тууралуу маалымат берди. Исакова: “мына аксакал жазган арызда таяна турган эч нерсе жок экен”- деп кыргызча тапа так сүйлөп, дагы кайра-кайра баягы кагаздарды барактай баштады. Менин үй-бүлөмдөгү оор абалга көнүл да бөлгөн жок. Иш акчалуу “Түштүк ЮГ” фирмасынын пайдасына чечилерин сездим. Батырбеков деген сот “Түштүк ЮГ” фирмасынын адвакаты Света Конистантинова таштап кеткен эки барак орусча жазылган тексти окуду. Исакова сол жагында олтурган Мельниковага карап бир нерсени шыбырады, ал башын ийкеп койду, Батырбекового карап ага да бир нерсени шыбырады, ал желкесин кысып койду. Ушундан кийин алар туруп кеңешүү бөлмөсүнө кирип кетишти. Соттун чечими “Түштүк ЮГ” фирмасынын пайдасына чыкты. Мен туруп үйгө шаштым. 25-декабрь күнү саат 22лер чамасында үйгө келдим. Байкуш байбичем чекчейип мени күтүп олтуруптур, жанына олтуруп, колун ушалап сүйлөшүп олтурдум. Көңүлү ачык экен өңүнөң кандайдыр бир жакшы жышаан сезилип турду, бир аздан кийин “ишиң кандай, эмне болду?- деди шыбырап. Мен “болбоду, тигилердин пайдасына чечилди”- дедим. Заматта өңү өзгөрүлө түшүп, көзүнүн жашы куюлуп, “ай Саке, Саке ушул сенин ак көнүлдүгүң, сенин ишенчектигиң түбүңө жетет, ай Саке ай”- деп кайра-кайра башын чайкап, бурулдап ыйлап кирди. - Кейибе Алтыш, кейибе, бул акыркысы эмес, ак -карасын ажырата турган мекемелер бар, адамдар бар, ошолорго кайрылам,- дедим. - Ай билбейм, мен минтип турган абалда өзүңө да, балдарга да кыйын болуп калабы?- деп кайрадан бурулдай баштады, байкушум уктап кетет, ойгонсо эле мени карап башын чайкай берет. 27- декабрь күнү түш ченде дагы кейий баштады, “кой Алтыш кейий бербе, Кудай каласа баары жакшы болот, жакшылыктан үмүт үзбөйлү, кел бутуңду жууп берейин”- деп чарага ысык суу апкелип, дивандан акырын бутун түшүрүп жууй баштадым, буттары алсыз кыбырады, бармактары муздап калыптыр, жууп сүлгү менен таза аарчып, кайра жаткырдым, “рахмат, сага Кудай өмүр берси”н деди акырын шыбырап, бир аздан кийин уктап кетти. Абалы кыйындап, дем алуусу оорлошту, уулум коркуп Аксыдан Жалал-Абадка келип 30 миң сомго бир аппарат алып барды, акчасы жок машинасынын документтерин таштап алыптыр. Аппаратты баш жагына коюп, эки түтүкчөнү мурдуна салып койду, аппарат “гыр, гыр, гыр” деп иштеп атат. “Бул кандай аппарат?”- десем, “кислород чыгарып берет”- деди, ушул апппарат менен эки күн жашады. 29-декабрь күнү түндө мени карап, алсыз башын чайкады, сүйлөй алган жок, көзүнүн жашы кургаган жок, көзүнүн жашы куюлган бойдон акырын жумулду да, түбөлүк уйкуга кете берди. 30-декабрь күнү жерге бердик, 31-декабрь күнү бүт Кыргыз эли ызы-чуу болуп, ырдап- чордоп Жаңы жылды тосуп жатышты, бир гана биздин үй-бүлө, бир гана биздин айыл аза күтүп томсоруп таң атырдык. “Жараткан мындай азапка бир да үй-бүлөнү салбаса экен”- деп Кудайдан суранып жаттым.
Мына Сооронбай иним, соттордун айынан ушунтип сызга олтуруп калдык. Эгер соттор туура чечим чыгарганда менин Алтышкам дагы беш-алты ай жашайт болчу. Аттиң арман! Соттордун айынан мага окшоп арман кылгандар биздин Кыргызстанда жүздөп, миндеп саналса керек. Сен айтышың мүмкүн “соттордун акча алганын мойнуна коюп бере аласызбы?”- деп. Жок коюп бере албаймын, бирок “соттор коррупцияга белчесинен баткан деп” так айтам. Соке, сен бийликке келгенден бери гезит беттерине укук коргоо органдарынын жана соттордун туура эмес иштерине, чечимдерине нааразы болгон жарандардын каттары баймабай жаряланып келет. Бирок, бир да жолу “президентибизге рахмат, президенттик аппаратка рахмат, ушулардын кийлигишүүсү менен менин ишим оң жагына чечилди, акыйкат, чындык бар экен”- деген пикирди окуганым жок. Сооронбай иним, мен сага ачык эле айтып коеюн, бир да соттун чечими, бир да соттун өкүмү акчасыз чыкпайт. “Сот процесси жүрүп жатат” деген ал формалдуу эле нерсе, өкүм кабинетте эле чыгып бүтөт, процессте сен жер тепкилеп, чачыңды жулуп айтканың бир тыйын, ага бир да сот көнүл бөлбөйт, сен сүйлөп жаткан учурда алар бири-бирине шыбырашып анекдот айтышып, же оозун чон ачып эстеп койуп олтура беришет. Сен сүйлөп бүткөндө “бүттүбү?”- деп чочуп кетишет да кабинетте чыккан чечимди окуп, “процесс закрыт” деп чыгып кетишет. Сен жер тепкилеп кала бересиң. Акыйкат издеп президентке кайрылган каттардын баарына сенин апаратыңдагы Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы С.М Исабаев деген “КР судьялар кенешине караштуу тартип комиссиясына кайрылууга укуктуу экенинизди билдиремин”- деп акыл үйрөтүп жооп жаза берет. Айланайын Соке, Жогорку сотко, Судьялар кенешинин тартип комиссиясына кайрылууга укукгубуз бар экенин сенин Исабаевинсиз эле билебиз, ошол жактарга кайрылууга акылыбыз жетет. Ошол соттордун, судьялар кенешине караштуу тартип комиссиясында иштегендерге нааразы болуп, ошолордун кылган ишине ичибиз чыкпай, президентке кайрылып атпайбызбы. Анан кайра эле “ошолорго кайрылгыла” деп аларды биротоло кутуртуп жатпайсыңарбы!
Соке, сен теледен сүйлөп жатып, “корупция менен күрөш токтобойт” деген сөздүндү угуп уялдым, кайсы күрөш? Жылулуук борбору боюнча камакта жаткандарды айтасыңбы? Алар коррупция менен күрөш болбосо да камалмак. Башкасын билбеймин, сот тармагында коррупция кайнаган бойдон, бул маселе көбөйсө көбөйдү, азайган жок. Сенин корупция боюнча жүргүзүп жаткан саясатынды бир сот колдойбу, бир сотту “мына ушул ак, ушул таза иштейт, менин саясатымды колдойт”- деп сөөмөйүң менен сайып көрсөтө аласыңбы, андай сот жок Соке. Адам өлсө өлөт, соттор алган акчасын актоо үчүн акчалуунун пайдасына чечимди чыгара беришет. УРМАТТУУ СОРОНБАЙ ШАРИПОВИЧ, Акыйкат, чындык бар экенинин үмүт үзө элекмин, Кудай алдында айтамын, мен ал акчаны алган эмесмин, ак-карасын ажыратып, акыйкатына чыгарып берүүңүздөрдү суранамын. Ал эми соттук процессти туура эмес жүргүзүп, менин өтө оор үй-бүлөлүк абалыма көңүл бурбай чечим чыгаргандыгы үчүн Жогорку Соттун Исакова, Батырбеков, Мельникова өңдүү судьялары мыйзам алдында жооп берсин!
ЫЗАБЕКОВ Сагыналы Камбарович, Жалал-Абад шаары, Шевченко көчөсү 5/46. Тел: 0772 07 50 50, 0552
01 01 55
Булак: "Майдан. kg" гезити