Анын айтымында, 2010-жылга салыштырганда, өлкөгө келген чет өлкөлүктөрдүн саны дээрлик алты эсеге көбөйгөн.
“Эгер, 2010-2011-жылдары келген чет өлкөлүктөрдүн орточо саны 70 миңдин айланасында болсо, былтыр биздин системаларда 450 миңден ашык чет өлкөлүк катталган. Бул тизмеге визасыз режим киргизүү тууралуу мыйзамдын негизинде виза алуудан жана каттоого туруудан бошотулган адамдар кирген эмес”,- деди Шаикова.
Статистикага ылайык, Кыргызстанга кирүү үчүн виза талап кылынбаган 45 өлкөнүн ичинен баарынан да Түштүк Корея, АКШ жана Германия жарандары көп келишкен.
Белгилей кетсек, туристердин үчтөн бир бөлүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү жаратылышы кооз аймактар кызыктырат. Мисалы, Сары-Челек, Арсатанбап, Кара-Шоро Ленин-Чокусу сыяктуу жайларда айрыкча жайкы мезгилде туристердин саны көбөйөт. Кыргызстан чет өлкөгө сакталган эски маданияты, асман тиреген тоолору, жаратылышы менен белгилүү десек болот. Мындай кооздукка айрыкча Франция жана Кытай мамлекеттеринин жарандары да суктанышат. Албетте, “канча бут кирсе, ошончо кут кирет”,- демекчи, чет элдик туристтердин көп келип жаткандыгы жакшы көрүнүш. Бирок алардан жергиликтүү же борбордук казынага канча каражат түштү экен?
Эмнегедир Алина айым ушул суроого жооп бербептир. Эгер келген туристтер акча төлөбөй, тейлөө кызматтарын бекер колдонуп жатышса бир жөн. Башканы кой, тоо туризми менен алектенген айылдыктар эшегин бир миндирип, кошо сүрөткө түшүрүп койгондугу үчүн эле олчойгон акча алышат эмеспи. Андыктан биздин чиновниктер ушул жагдайга да көңүл бура жүрүшсө.
“Майдан. kg” гезити