Мындан эки жыл мурда Оштун аэропортуна Кытайга уча турган самолетко түшүү үчүн келаткан белгисиз жарандын жанынан бир нече миллион долларды беткапчан автоматчандар чак түштө эле тоноп кетишкен окуя катталган. Ушундай эле көрүнүш Кызы-Кыя шаарынын аймагында да катталган.

 

Тилекке каршы мындай каракчылык окуялардын биринин да бети ачылган эмес. Сыягы, чоң акчанын артында чоң адамдар турат окшойт. Бул ирет да Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Кыргызстанга 3,5 млн доллар алып чыгууга аракет жасаган кишилерди кармагандыгын “Өзбекстан-24” каналы билдирди.

 

Маалыматка караганда, Фергана - Жогорку Вуадил трассасында “Нексия” үлгүсүндөгү автоунаа текшерүү үчүн токтотулган. Анын алкагында А.Д. аттуу жарандын машинесинен жана үйүнөн 1,7 миллион доллар табылган. Андан тышкары 56 жаштагы кыргызстандык жарандын унаасынан 1,7 миллион доллар алынган. Бул акчалар Ташкенттен Кыргызстанга жөнөтүлмөк болгон. Жалпысынан аткезчиликке шектелген кишилерден 3,5 миллион доллар алынган. Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголду.

 

Белгилей кетүүчү жагдай, бул миллиондогон долларлар Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө кирип, андан соң “отмывание денег” болуп, андан ары Кытай, Түркия жана башка чет мамлекеттерге жөнөтүлүп турат.

 

 

 

 

“Майдан. kg” гезити