“Президент Сооронбай Жээнбеков менен премьерминистр Мухаммедкалый Абылгазиев компанияны мамлекеттин карамагында калтыруу тууралуу саясий чечим кабыл алышты. Мамлекеттик компания мамлекетке киреше алып келиши керек. Биз 100% мамлекетке таандык болгон үлгүлүү компания түзгөнгө аракет кылып жатабыз”,- деди ал.

 

Жамангуловдун айтымында, акыркы беш жылда компания үлүштүк киреше катары мамлекетке 15 миллиард сом (214 миллион доллар) төлөдү. Салыктарды кошкондо бул сумма 20 миллиард сомго чейин жетет. Компания жетекчиси мамлекеттик бюджетке “Мегакомдон” түшкөн кирешени жылына 20-30% көбөйтүү пландалып жатканын кошумчалады.

 

“Мегаком” өлкөдөгү эң ири үч уюлдук оператордун бири болуп эсептелет. Компанияга ээлик кылган “Альфа Телеком” жабык акционердик коомунун 100% акциясы мамлекетке таандык. Өкмөт 2015-жылдан бери “Мегакомду” үч жолу сатууга аракет кылган. Бирок кызыккан инвесторлор табылбагандыктан сатылган эмес. Министрлер кабинети компанияны 13,5 миллиард сомго баалаган. Көрсө, эски бийликтин билермандары “Кумтөрдөн” кийинки эле кирешелүү тармак болгон бул компанияны жеке кызыкчылыктары үчүн гана сатуу аракетин кылышып, бирок кардар чыкпай койгондуктан гана сатылбай калган тура. Ансыз деле бюджет какшып турганда жок дегенде ушул ишкананы мамлекеттин карамагында кармап туруу керек го.  

 

 

 

“Майдан. kg” гезити