Экс-башпрокурор Аида Салянова маалымат жыйынын берди. Анткени, 2014-жылы киши колдуу болуп каза тапкан студент кыздын өлүмүнө катыштыгы бар деп шектелген Калыбек Саляновдун АКШдан кармалып, жакында Кыргызстанда экстрадицияланышы белгилүү болду. Анын кармалышы тууралуу маалыматты ИИМдин криминалдык милиция Кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев Салянов билдирди. 

 

Аида Салянова да маалымат жыйынында агасы кармалганын тастыктап, бирок анын кармалышы миграциялык мыйзамдуулукту бузгандыгынан улам болгонун айтты. 

 

Экс-башпрокурордун айтымында, агасынын адам өлтүрүүгө тиешеси жок. Анын ишин саясатташтырып жиберишти. 

 

"Баарынан жаманы - жаш кыздын өлүмүн саясатташтырып салышканы болду. Ал кыз киши колдуу болгон саатта Калыбек Салянов башка жерде жүргөн. Бул тергөө жагынан тастыкталган. Саунадагы видеожазууларды өчүрүүгө Салянов буйрук берген деп Насырбек Алмамбетов калп көрсөтмө берген. Учурда Алмамбетов ири суммадагы пара алганы үчүн шектелип УКМКнын абагында жатат. Ал видеожазуулар Саляновдун айыпсыздыгын аныктачу далил болмок, ошондуктан ал өзү эч убакта өчүрүп сал деп өтүнүч келтирмек эмес. Кийинчерээк, Алмамбетов Калыбекке каршы көрсөтмө берүүгө мажбурлашканын айткан", - деди Салянова. 

 

Бул иш боюнча журналисттик иликтөө жүргүзгөн Элнура Алканованын айтымында, кыз киши колдуу болгон учурда Калыбек Салянов сауналардын биринде досу жана дагы эки аял менен эс алып отурган. Ал аялдар үй-бүлөлүү болушкандыктан коомчулукка чыга алышпайт. Бирок, тергөөгө көрсөтмөлөрүн беришкен. 

 

Калыбек Саляновдун адвокаты Чынара Жакупбекова калп көрсөтмө бергени үчүн Насырбек Алмамбетовго каршы кылмыш ишин козгоо үчүн Башкы прокуратурага өтүнүч келтирди. 

 

Экс-башпрокурор жалпы маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн такталбаган маалыматтарды жарыялообону суранды. Ошондой эле Башкы прокуратура менен ИИМдин жетекчилигине тергөөнү обьективдүү жүргүзүү зарылдыгын айтты.

 

 Камила Дүйшееванын сөөгү  2014-жылдын 10-мартында БАйтик айылындагы көрүстөндүн жанынан табылган.