Бүгүн Новопавловка айылында жол кырсыгы катталды. Кырсыктан 11 жаштагы бала дөңгөлөктүн алдында калып каза тапты. 

 

ИИМдин маалыматка караганда, автоунааны Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын  кызматкери башкарып бараткан. Кырсык болгон жерде жердин үстүндө жана жер астында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жай болгон. 

 

Учурда Сокулук райондук ички иштер бөлүмү окуяны иликтөөгө ала баштады.