Бишкекте 17-январда кытай экспансиясына каршы өткөрүлгөн митинг учурунда аларды өлтүрүүгө чакырык таштаган аял кармалды. 

 

Кечээ так ушул митинг боюнча Биринчи май РИИБине суракка чакырылган жарандык активист Аманбол Бабакуловдун айтымында, аял абакка эки айга киргизилген. 

 

"Мен ал аялды тааныбайм, митингге чейин көргөн да эмесмин. Менден сурак учурунда аны  менен тааныштыгымды, кайдан келгенин сурашты. Митинг болуп жатканда аял менин колумдан микрофонду жулуп алып, кытайларды өлтүрүү керек деп сүйлөй баштаган", - деди жарандык активист. 

 

17-январда митингге чыккандар кытай экспансиясына каршылыгын билдирип, Кыргызстанга келген сырткы миграцияны көзөмөлгө алуу талаптары коюлган.