Бүгүн, 28-январда, ушул сааттарда жарандык активист УКМКга сурак берүүгө барат. Анын соцтармакка жарыялаган билдирүүсүнө караганда, Биринчи май райондук РИИБине саат 17.00гө баруусун белгилеген чакырык кагазын алган. Ал турмак чакырык кагазды да сүрөткө тартып, баракчасына жүктөдү. 

 

17-январда Бишкекте өткөрүлгөн кытай экспансиясына каршы митингге жарандык активист да катышкан. Мындан улам сурак ушул багытта болоору белгилүү.