31 жаштагы Айзада Намбетова аттуу Кыргызстандын жараны Түркиянын Адана шаарында бала багуучу болуп иштеп жүргөн. Ал 25-январда жумушка чыккан эмес, иш берүүчү телефонуна коңгуроо кылып, ала албагандыктан кабатырланып укук коргоо кызматына кайрылган. Полиция жарандын жашаган үйүнө барып эшиктин коңгуроосун басышкан, бирок эч ким ачпагандыктан, каалганы бузуп киришкен. Айзада жуунучу жайда колготкисине асынган калыбында табылган. 

 

Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышкан. 

 

Алардын маалыматында, тергөө тобу аялдын үйүнө эч ким келбегенин аныкташкан. Ал жалгыз жашаган жана каза тапкан учурда үй ичинен бекитилген. Сөөк соттук-медициналык экспертиза өткөрүүгө өлүкканага жиберилди. 

 

Ал эми КР ТИМдин консулдук кызмат Департаменти бул ишти тергеп жаткан тергөөчүгө бүгүн эс алуу күнү болгондуктан, эртең маалымат алышаарын айтышты. Ал эми жарандын өлүмү Адана шаарындагы Торос району боюнча полицияда катталгандыгы аныкталды.