Бишкектеги кафелердин биринде тамак-аш коюлган витринада келемиш чуркап жүргөнүн тартып алган Алина Ким аттуу колдонуучу видеону соцтармакка жарыялады. Видеодон тарелкалардын ортосунда калемиштин чуркап жүргөнүн көрүүгө болот. Кафе видеону коюучунун маалыматына караганда, "Аликебаб" деп аталат жана ал "Вефа" соода борборунун жанында жайгашкан.
Vesti.kg сайты видеону жүктөп, бул боюнча дарттарды алдын алуу Борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиевге байланышка чыккан. Башкы дарыгер аталган кафеге текшерүү жүргүзүлөөрүн айткан.
Дагы канча тамактануучу жайларды келемиш түнөк кылганы белгисиз. Мындай жайлардын тазалыгын, коопсуздугун текшерчү орган ыксыз жагдай качан гана коомчулукка чыккандан кийин текшерүү жүргүзүп калышат.