Бүгүн, түштөн кийин Улуттук госпиталдын дарыгерлери митингге чыгышат. Алар Акүй алдына келишет. 

 

Маалыматтарга караганда, медицина кызматкерлери №1 көз микрохирургиясы бөлүмүндө жаралган кырдаалдан улам ушундай кадамга барууга аргасыз болушкан. Алардын айтымында, аталган бөлүмдүн жетекчиси Салтанат Иманбаева бир катар эреже бузууларды кетирген. Бирок, анын үстүнөн Саламаттыкты сактоо министрлигине жана укук коргоо кызматтарына жазган дарыгерлердин арызына тийиштүү көңүл буруу болгон эмес.