Өмүрбек Текебаев бир жылдан кийин, 2020-жылы февралда көчүрмө колонияга которулушу ыктымал. Ал азыр №47 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
Жзаларды аткаруу Мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, экс-депутаттын жаза мөөнөтүнө анын тергөө абагында отурган күндөрү кош эсептелгенден кийин абакта бир жылдай отурушу мүмкүндүгү белгилүү болгон. Маалыматка караганда, ЖАМК эсепти жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайыктап жүргүзгөн.
А бирок, Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова алар да өз эсептерин жүргүзүп жатышканын айтууда. Азырынча ЖАМКнын эсеби боюнча пики билдире албай турганын белгилеген адвокат юриспруденциянын көз карашы менен эсептеп чыгышкандан соң гана маалымат беришээрин билдирди.