Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев үй-бүлөсү менен Бириккен Араб Эмиратына кетти. Бул тууралуу КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, экс-президент бүгүн кыска мөөнөттөгү эмгек өргүүсүнө чыккан. Алар 4-февралда кайра кайтып келишет.
Буга дейре, Атамбаевдин Индияга бараары белгилүү болгон. Бирок, ал сапар токтотулуп, экс-президент БАЭде эс алууну туура деп тапкан.