Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев соцтармактагы баракчасына экс-президент Атамбаевди сындап жазып чыкты. Ал Атамбаевдин чет өлкөдө жер кыдырып, сайрандап жүргөнүн такыр түшүнө алган эмес. 

 

"Сенин командаңда деп эсептелген адамдар абакта жатышат. Ушундай учурда чет өлкөгө саякаттоого кантип дитиң барды? Менин жакын адамдарым камалганда, алар абактан чыккыча мен эч кайда кеткен эмесмин", - деп суроо узатты Атамбаевге экс-мэр.