
Кээде дабасын таппай жүргөн дарттын, же абдан зарыл турмуштук нерсенин ыкмасын эл арасынан таап алган учурлар болот. Кайсы бир маселеңизди чечкенге жардам берген ыкмаларды билсеңиз, биз менен бөлүшүңүз.
Чачтагы актарды кантип кетирүү керек?
Бул ыкма натыйжасын тез берет. Бир кашык балга кастор майын жана бир кашык коньяк, бир жумуртканын сарысын кошуп, аралаштырыңыз. Аны чачтын түптөрүнө сүртүп, пленканы башыңызга ороп, үстүнөн шапка кийип алыңыз. Ушундай абалда 2-3 саат жүрүңүз. Андан кийин шампунь менен жууп салыңыз. Бул ыкманы жумасына эки жолу жасоо керек. 3-4 процедурадан кийин алгачкы натыйжалары белги бере баштайт.
Күндү лимон менен баштаңыз
Эртең менен ойгонгондо, күндү кандай баштаганыңыз кечке чейинки абалыңызга таасирин берет. Эки лимонду ортосунан кесип, үстүнө жарым литрдей суу куюп, отто үч мүнөттөй кайнатабыз. Бир аз муздаганга чейин идиште 10-15 мүнөт тыныктырабыз. Жылуу кезинде бир кружка ичебиз. Калганын банкага куюп коюп, каалаган учурда ичип турабыз. Кружкага куюп ичээр алдында бир аш кашык бал кошобуз. Бул суусундуктун пайдасы: иммунитетти көтөрөт, суук тийүүдөн сактайт, энергиянын булагын ачат. Тамак сиңирүүгө жардам берип, зат алмашууну жөнгө салат. Организмди көп сандаган токсиндерден тазалайт. Терини тазартат. Дем алуу органдарынан чыккан жытты жагымдуу кылат. Арыктоого жардам берет. Маанайды көтөрүп, кыжаалат болуудан алыстатат.
Буттун сыздап оорусуна табылгыс дары
Бул ыкманы так өзүндөй колдонуу керек. Бир мүнөткө ашыкча кармоо – акыбалды ансайын оордотуп жибериши мүмкүн.
Тепшиге, же чакага 2-3 литр жылуу суу куюп, кир самынды салып, 1 аш кашык кадимки аш содасын жана деңиз тузун кошобуз. Салынган заттар толугу менен ээригиче аралаштырабыз, андан кийин чайнектен кайнак суу кошобуз (чыдамыңызга жараша кошуңуз, анткени ал сууга бутуңуз салынат) андан кийин йоддон 10 тамчы тамчылатабыз. Бул аралашмага бутту кызыл ашыкка чейин салып, 15 мүнөт отурабыз. Бул убакта аралашма буттагы ооруну өзүнө тартып алат. Андан кийин бутту сүлгү менен аарчып, крем, же дарылык касиети бар мазь, ал турмак оливка майы да жарайт, сыйпап, таманга массаж жасап, жүн байпак кийип, уктоого жатабыз. Ыкманы түнкү уйкунун алдында жасоо керек. Аралашманы үч жолу колдонууга болот, чыдай ала турганыңыздай температурада ысытып, дагы 10 тамчы йод тамчылатып, бутуңузду сала бересиз. 10-12 процедура жасап, байкаштырып көрүңүз. Оору жоголбосо, дагы кайталаңыз. Оорубай калса, улантуунун кереги жок.