Кийгенде жылуу, басканга жеңил пуховик кышкы кийимдери азыр актуалдуу. Пуховик куштун жумшак тыбыт жүнүнөн жасалат.  Дээрлик баарыбыз кышкысын пальто, дубленкага караганда пуховикти жогору коебуз. Бирок, аны жууганга келгенде маселеге кабылаарыбыз анык. Көп учурда барпайып турган тыбыт жүндөр сууга салынгандан кийин ар кайсы жерде томолоктошуп, бир топ убаракерчилик жаратат. Эгер бул эрежени сактасаңыз, анда сырткы кийимдин формасын бузбай жууганга болот.

 

  1. Кийимде аңтериден жасалган  капюшон бар болсо, жууш алдында аны чыгарып коебуз.
  2. Эң бир кир жерлерин – жеңди, жаканы, чөнтөктөрдүн жанын ңетка менен тазалайбыз, эгер ага да кетпесе так кетирүүчү каражаттарды колдонобуз.
  3. Топчулардын баарын бекитип, сыдырманы сыдырабыз, пуховикти тескерисинен оодарабыз.
  4. Машинанын барабанына куртка менен кошо теннистин 2-3 тобун салабыз. Чоң тенниске тиешелүү топтор болсун. Анын жардамы менен тыбыт жүн жуулуп атканда жана сыгылганда томолоктошуп бир жерге үйүлүп калбайт.
  5. Кир жуучу каражаттын суюк түрүнөн гана колдонобуз, анткени, айнанын тагы пуховиктен кетиши кыйын.
  6. Деликаттуу жууй турган режимди 30-40 градус ысыктыкка коебуз.
  7. Чайкоо режимин эки жолу кайталайбыз.
  8. Максималдуу жүгүртүүдө сыгабыз.
  9. Кургамайынча топчуларын, же сыдырмасын ачпайбыз. Бул формасына тезирээк келүүсүн камсыздайт. Утур-утуру менен куртканы кагып турабыз, бул бырыштардын үтүксүз жазылышын камсыздайт.