Ваннаны кантип агартуу керек?

 

2 аш  кашык кальцийлештирилген жана кадимки соданы аралаштырып, аны ным ваннага шыбайбыз. 5-10 мүнөттөн кийин ваннага 50 грамм ашкана уксусун чачкыч (пульвелизатор)  менен чачабыз. Андан кийин  ванна үчүн чыгарылган кадимки агартуучу каражатты шыбайбыз.  Бул каражаттар биринин  үстүнө экинчиси катмарланып шыбалат, жуубаш керек! Бардык каражаттар шыбалгандан  30 мүнөттөн кийин гана  ваннаны таза суу менен чайкап салабыз. Ваннаңыз жаркырап чыга келет.

 

Табигый жыт бергич

 

Үйүңүздү жагымдуу жытка толтурууну каалап, бирок, жаш балдарыңыз болгондуктан, дүкөндөрдө сатылган жыт бергичтерди колдоно албайсызбы? Анын үстүнө жасалма жыт бергичтер дайым эле жагымдуулукту тартуулай бербейт эмеспи. Мандарин жана апельсиндин кабыктарын ыргытпай, батарейканын үстүнө тизип коюңуз. Алар кургап, абаны эфирдик майдын жытына бөлөйт.

 

 

Картинки по запросу мандарин апельсин

 

 

Жуула турган обоидеги такты кетирүү

 

Стакандын төрттөн бир бөлүгүнө жетерлик аш содасын жылуу сууга кошуп, тиш пастасындай коюлукка келгенче аралаштырабыз. Жумшак жана таза чүпүрөк менен аны обоинин так калган жерине тегерете  сүртөбүз.  Анан ал жерди таза, кургак чүпүрөк менен аарчып салабыз. Так сен көр, мен көр болот да калат.

 

Буурчакты жууган суунун пайдасы

 

Буурчакты кайсы бир тамакка кошордо алдын ала сууга чылап коет эмеспизби. Ошол сууну эч убакта төкпөңүз. Аны менен идиш-аяктарды жуусаңыз, атайын каражат да жакшы агартат. Ошондой эле суу кайнатчу чай, тефалдардын ичинде топтолуп калган накиптерден да арылтат.

 

Шам кеч күйөт

Жарык өчкөндө жагылчу дүкөн шамдары күйгөндө тез түгөнүп калат. Шамды узак убакытка чейин колдонуунун бир сыры бар. Ал – колдоноордон мурда бир саатка туздуу сууга чылап коюңуз. Андан кийин кургата аарчып, муздаткычтын тоңдуруучу бөлүгүндө да бир саат кармаңыз. Мындай ыкмадан кийин шам шашпай ээрип, көпкө күйөт.