Бул тууралуу өз булактарына таянып «Московская газета» жазып чыкты.

 

«Тергөөнүн жүрүшүндө соттолгондордун «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөсү болгону жана ок атуучу курал, колго жасалган жардыруучу зат колдонуп Москвада, Санкт-Петербургда теракт уюштурууга даярданышканы аныкталган», — деп жазды басылма.

 

Маалыматка караганда, айыпталуучулар 6 жылдан 18 жылга чейинки мөөнөттөргө катаал режимдеги абактарга соттолду.