Бишкек ЖЭБдеги оңдоо иштери аягына чыкканын "Электрдик станциялар" ААКсынан билдиришти.
Маалыматка караганда, оңдоо иштери ишемби күнү саат 21. 00гө карата соңура чыккан. Жылуулук жана ысык сууну берүүнү циркуляциялык режими калыбына келтирилди.
Оңдоо иштерине борбордук жылуулук борборунун 150 адиси, дежур бригадасынын 10 кызматкери жана лабораториядан беш адис катышкан.
Эске салсак, оңдоо иштеринен улам Бишкектин түштүк райондорунда жылуулук берүү токтотулган болчу.