Баткен облусунда каракчылык менен кол салганга күмөндөлүп Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскер адамдары, Чек ара кызматынын өкүлдөрү жана УКМКнын мурунку кызматкерлери кармалышты. Булар дароо тергөө абагына киргизилди. Бул жөнүндө жергиликтүү укук коргоо органдарынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, соттун чечимине ылайык айыпталуучулар Ош шаарындагы тергөө абагында 12-февралга дейре кармалышат.
Айтмакчы, Баткен облусунда Чек ара кызматынын эки кы зматкери, Кызыл-Кыя шаардык аскердик комиссариатынын кызматкери жана УКМКнын мурун иштеп кеткен бир кызматкери каракчылык менен кол салууга шектелип туткундалды.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, “Майдан. kg” гезити