Балдарга карата ырайымсыз мамилелердин, зордукз омбулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу максатында Баткен облусунун бардык булуң-бурчунда аймактык социалдык коргоо башкармалыгынын, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын, билим берүү бөлүмдөрүнүн, саламаттык сактоо тармагынын, жергиликтүү бийликтин жана дин өкүлдөрү, Аксакалдар жана Аялдар Кеңештеринин мүчөлөрү курамына кирген атайын комиссия бардык аймактарды үймө-үй кыдырып жүрүшөт. Комиссия мүчөлөрү адегенде ар бир үйгө зериктпестен баш багып, балдардын документтерин, жашоо-шартын, саламаттыгын тыкыр текшерүү менен катар мигранттардын балдарынын өз базасына каттоого дагы алып жатышат. Бул аркылуу жакын тууган-уруктарынын кароосуна калтырылган мигранттардын уул-кыздарынын мындан ары тийиштүү адистердин такай көзөмөлүндө гана болуусуна шарт жаратылмакчы. Ошондой эле балдардын толук кандуу үй-бүлөдө, ата-энеси менен ар дайым чогуу жашоосу жана алардын жаркын болочогу үчүн өзгөчө мааниге ээ экендиги дагы калк арасында кеңири түшүндүрүлүп жаткан чагы. Буга улай дал ушул өңүттө уюшулган Баткен облустук штабынын жетекчиси Чынара Саттарова катышкан отурумдар ар бир район-шаарда байма-бай өткөрүлүп жаткан маалы. Айтмакчы, дал ушул багытта 2019-2021- жылдарга балдарга карата ырайымсыз мамилелердин жана зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругу жарыяланып, анын негизинде облустук штаб уюшулган. Бул штабды Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова жетектейт. Мындай аракеттер - үймө-үй текшерүүлөр балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо үчүн ата-энелердин жоопкерчилигин гана жогорулатууга бекем багытталган.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити