Бул туурасында Кыргыз Президентинин аппаратынын тышкы саясаст бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков кабарлады.
- Саммиттин алкагында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн Коопсуздук Кеңешинин катчыларынын, Тышкы иштер министрлеринин межилиси дагы өткөрүлөт. Мындан тышкары ал маданий-гуманитардык иш-чаралар (ШКУнун Медиа Саммити, көргөзмөлөр, эл аралык марафон, бизнес-форум, галаконцерт) менен коштолот, - деп кошумчалады Кыргыз Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.
– Аталган Эл аралык уюмдун кадыры күн өткөн сайын артып баратат. Мунун башкы себеби: ШКУ мүчө мамлекеттердин позицияларынын окшоштуг у, өз ара тыгыз карым-катышы жана бири-бирин туруктуу колдоосу. Ошону үчүн бул Саммит жана анын алкагындагы иш-чаралар Кыргызстан үчүн дагы абдан маанилүү. Ошого жараша даярдыгыбыз дагы эмитен баштал ды. Данияр Сыдыков ырастагандай, ШКУнун бул Саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин жана Индиянын премьер-министри Нарендры Моди Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат.
- Экөөндө тең соода-экономикалык жана инвестициялык карым-катышты өнүктүрүү маселелери гана каралат. А саясий өңүттө бизде чечилбеген көйгөй жок! – дейт Кыргыз Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков.
“Майдан. kg” гезити