Кыргызстанга бир жылда 12 миңдин тегерегинде чет өлкөлүк жарандар иштөө үчүн келишээрин өкмөттүн жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Болот Ибраимжанов билдирди. 

 

Анын жарыялаган маалыматына караганда жыл өткөн сайын Кыргызстанда иштөөгө куштарланган чет өлкөлүктөрдүн катары өсүп баратат. Мисалы,  2016 - жылы 12 миң 135  чет өлкөлүк өлкө аймагында иштөөгө уруксат кагазын алышса,   2017-жылы   12 миң 138, ал эми  2018-жылы   12 миң  950 жаран кайрылган.

 

Аларга уруксат кагазын берүүдөн өлкө казынасына   265 миллион сом түшкөн.