Малак куртун токой чарбалары эмес, шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын эмгек жамааты алып барууда.
Мурда күн ысыганда малак курттарга каршы дарыялоо иштери алып барылчу, эми шаардыктар адегенде кышкы уйкуда жаткан курттарды кол менен терип чыгып, анан гана дарылоо ишин жүргүзө турган болушту. Ушинткенде зыяндуу курттарга каршы күрөш натыйжалуу жүрөрүн айтышат.
Мурда мисте токоюн бир кароолчу көзөмөлдөп, курттарга каршы күрөштү да жалгыз өзү алып барчу, эми чарбанын 20 кызматкери да бул ишти колго алды. Алгачкы 15 күндүк иш учурунда мисте токоюнун 18 гектар аянтынанчарбанын жумушчулары 18 килограмм зыяндуу курттарды терип алышып, аны жок кылуу үчүн адис-экологдорго тапшырышты. Иш дагы да улантылууда.
Эскерте кетсек, “Жалал-Абад” санаторийи жайгашкан Аюб-Тоодогумисте токойлорунун 214 гектары Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине тиешелүү жана шаардык Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарбасынын балансында турат. Жыл сайын мистелер зыяндуу курт-кумурскалардан жабыр тартып келсе, чарбанын жамааты быйыл коргоо иштерин эрте баштап жиберишти. Эми кол менен терип бүтүшкөн соң, химиялык дарылоо иштерин да жүргүзүшөт. Ага бюджеттен 55 миң сом каралган.
Ал эми жалпы Жалал-Абад областында 33 миң гектар аянтта мисте токойлору бар.