Жогорку Кеңеште депутаттар транспорт министрине Жанат Бейшеновдун талапкерлигин карашты. Депутаттарга талапкерди вице-премьер-министр Кубатбек Боронов тааныштырды. 

 

Анын айтымында, Бейшенов үч тилде эркин сүйлөйт, иш тажрыйбасы мол. 1975 -жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. 1999 -жылы президенттик аппаратта эксперт болуп иштеген, премьер-министрдин кеңешчиси да болгон. Учурда Евразия комиссиясынын транспорт бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенет.  

 

Депутат Камчыбек Жолдошов болочок министрге суроо узатты. 

 

"Коррупционерлердин партиясы менен кандай мамиледесиз? Транспорт министрлигиндеги коррупционерди тааныйсызбы?" - деди депутат. 

 

Жанат Бейшенов учурда аталган министрликте иштебей турганын белгилеп, коррупионерлерге такыр катыштыгы жоктугун айтты. 

 Депутат анын мындай жообуна канааттанбай, "Кантип катыштыгыңыз жок, алар менен чай ичип жүрбөйсүзбү?" - деп нааразыланды. 

 

Ал эми депутат Рыскелди Момбеков талапкер бара жаткан кызмат орунун душманына да ыраа көрбөй турганын белгиледи. 

 

"Сиз бараткан кызматты душманга да каалабайм. Эң бир коррупцияланышкан мекеме. Ал жактан үч нерсени гана алууга болот, пара, повестка, түрмөгө путевка. Коррупция жоголгондун ордуна гүлдөп жатат. А сиздин күчүңүз коррупцияга каршы тура алат деп ишенели", - деди Момбеков.