Өкмөттүн "Арзан турак-жай" программасы жемишин бербеди. Мындай пикирин депутат Жыргалбек Турускулов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Айтымында, программанын турак-жайлуу болгусу келген бюджетке караган кызматкерлерге койгон шарттары оор.
"Бул программа боюнча 3 жыл иштеген мугалим эмес, 15 жыл иштеген мугалим да үй ала албайт. Турак-жай алуу үчүн ипотекалык пайызды арзандатуу шарттарын дагы карап чыгуу керек", - деди депутат.