Өкмөт өлкөдө мамлекеттик тилди өнүктүрүү максатында кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына өзгөчө көӊүл бурушу керек. Анткени, мамлеттик тилди өнүктүрүү саясатынын алкагында жасала турган иш-чаралардын 30 пайызы да аткарылган жок.
Мындай пикирин депутат Махабат Мавлянова парламент жыйынында билдирди.
Айтымында, жумушчу топ түзүлүп, мыйзамдардын аткарылышы жаатында кетирилген кемчиликтердин жөн-жайын талдап чыгып, өз сунуштамаларын бериши зарыл.
«Коӊшу Казакстандын тажрыйбасын карагылачы, казактар мамлекеттик тилин жогорку деӊгээлге чыгарып алышты, бул багытта кайра курумдар ишке ашырылып жатат. А, бизде андай жүрүш байкалбайт. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилди А2 жана Б1 деӊгээлинде билүүгө тийиш. Бул багытта кандай иштер жасалып жатат, анын жайы белгисиз», - деди депутат.