Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн өкүлү Ашырбек Темирбаев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчисинин орун басары Алымжан Хасанов кызматтан алынганын билдирди.
Эске салсак, Хасановдун Казакстандын жараны экенин депутаттар айтып чыгышып, анын башка өлкөнүн жараны катары мамлекеттик кызматта иштөөгө укугу жоктугун белгилешкен.
Өкмөт өкүлүнүн айтымында, мындан улам Алымжан Хасанов аталган ишкананын жетекчисинин буйругу менен кызматынан бошотулду.
Алымжан Хасанов “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчисинин орун басарлыгына 2018-жылдын 29-октябрында дайындалган.