Депутат Тазабек Икрамов парламенттин бүгүнкү жыйынында Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы тренери Александр Крестининди өкмөттүк сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштады. 

 

Ал ошондой эле Бишкектин аймагынан жаңы футбол талаасын курууга жер бөлүү зарылдыгын айтты. 

 

"Футбол талаасын ички жана тышкы инвесторлордун жардамы менен бүткөрүү керек. Биз футболдун өнүгүүсүнө көңүл бурууга тийишпиз. Ал үчүн футболчуларды колдоп, футбол Академиясын салыктан бошотуубуз керек", - деди депутат.