Депутат Дастан Бекешев спорт менен маданиятты көтөрүүгө каражат табуунун ыкмасын сунуштады. 

 

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат өкмөткө автоунаалардын терезесин күңүрттөө маселеси боюнча так позициясын билдирүүгө бир жума убакыт берди. 

 

"Терезелерди күңүртөөнү жеке ишкерлерге беришибиз керек. Аны менен бюджетке кошумча акча түшөт. Бул каражатка футбол талааларын курууга болот. Эгер  өкмөт макул болсо, биз кесиптештер менен бирге мыйзам долбоорун демилегелейбиз. Футбол талааларын курууга сөзсүз каражат табышыбыз керек. Азыр дүйнөгө маданий жана спорттогу жетишкендиктерибиз менен гана тааныла алабыз. Бирок, буга маданият жана спорт өкүлдөрүн колдоого аз эмес каражат керектелет", - деди депутат.