Ал билдиргендей,  Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевдин тийиштиги бар делген Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин тергөөсү  аяктады. Учурда материалдар менен таанышуу башталды.

 

Осмонбек Артыкбаев учурда  Улуттук травматология жана ортопедия борборунда дарыланып атат.  Ага бир канча жолу операция жасалганы маалым. Жантөрө Сатыбалдиев болсо  УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Аталган иш боюнча материалдар сотко 25-январдан кийин келип түшөрү белгилүү болду.

 

Белгилей кетсек, Жантөрө Сатыбалдиев менен Осмонбек Артыкбаевге Бишкек ЖЭБ боюнча кылмыш иши  козголуп, бул ишке тиешеси бар делип жети киши камакка алынган. Алардын арасында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын мурдагы башчысы Айбек Калиев менен «Электрстанциялары» ишканасынын мурдагы директору Салайдин Авазов дагы бар.

 

Ал эми ушул эле иш боюнча экс-премьер-министр Сапар Исаковго да айып тагылып, прокуратура аны 20 жылга эркинен ажыратууну суранууда.

 

 

 

“Майдан. kg” гезити