17-январда Албек Ибраимовго коррупция беренеси боюнча айып тагылып, бул боюнча өзүнө билдирилгенин УКМКнын маалымат кызматы маалымдады.
Экс-мэрге Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-берененин 2-бөлүгү (кызмат абалына байланыштуу ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу) боюнча айыптар тагылды. Айыптоого таянсак, Албек Ибраимов «Дастан» ишканасын жетектеп турганда мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деп күнөөлөнүүдө.
УКМКнын билдирүүсүндө, Албек Ибраимов Президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп иштеп турганда, «Дастан» ишканасынын башкармалыгынын төрагасы Юрий Васильевге буйрук берип, «Күнөстүү жээк» пансионатынын 100 % акциясын арзан баада саттырткан. Анын натыйжасында мамлекетке 82 млн. 750 миң сом зыян келтирилген.
Маалым болгондой, «Күнөстүү жээк» пансионатынын учурдагы кожоюну мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берген.
Эми соттун чечими кандай болот? Ал 28-январда Октябрь райондук сотунда өтчү сот олтурумунун жыйынтыгында белгилүү болот.
“Майдан. kg” гезити