"Биздин укук" коомдук фонду Бишкектеги Шабдан Баатыр көчөсү 7-апрель, Чүй проспектисинин жарымы Шабдан Баатырга айланганына нааразы болуп, сотко кайрылышкан. Бирок, аталган фонддун жетекчиси Калича Умуралиеванын айтымында, сот арызды канааттандырган жок.
Умуралиеванын айтымында, шаардыктардын көчөнүн аты өзгөртүү боюнча шаардык кеңештин чыгарган чечимин жокко чыгаруудан баш тарткан райондук соттун чечимин шаардык сот күчүндө калтырды. Эми аталган коомдук фонд Жогорку сотко кайрылышат.