Азия Кубогуна катышкан кыргызстандык футболчулар улуттук курама командасы бүгүн таңкы саат 4:30да мекенине кайтып келишти. Команданын 20 футболчусу, машыктыруучулар штабы, Футбол федерациясынын өкүлдөрү Дубай-Бишкек каттамында кайтышты.
Ийгилик жараткан футболчуларды "Манас" абамайданынан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баштаган аткаминерлер жана миңге чамалаш күйөрманы тосуп алышты. Күйөрмандар Кыргыз Республикасынын гимнин ырдашып, колдоруна Улуттук кураманы колдогон жазуулар бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Азия Кубогу 5-январдан 1-февралга чейин болот. Кыргыз улуттук курама команда бул таймашка биринчи жолу катышты. Алар тайпалык баскычта Түштүк Корея, Кытай, Филиппинге каршы ойношкон. Жыйынтыгында, 3 упай топтоо менен жарым чейрек финалга чыга алды. Бирок, 1/8 финалда БАЭ курамасынан 3:2 эсебинде жеңилип, андан улам мелдештен четтешти.