Кыргызстандагы орус тилинин расмий статусуна тийишүүдөн курултайчылар баш тартышты. Алар Конституцияны өзгөртүү боюнча Референдум өткөрүүнү демилгелешкен, анда орус тилинин расмий статусун алып салууну сунушташкан эле.
Бирок, кайра ойлогон ойлорунан артка чегиништи. Коомчулук алардын мындай сунушун терс кабыл алышкан. Ошондуктан, бул маселеге тийиштей, четтеп өтүүнү туура деп табышты.
Конституцияны өзгөртүү демилгесин Азимбек Бекназаров башында турган 50 чакты партиянын өкүлдөрү көтөрүшкөн.