Ала-Бука РИИБде 2 бирдик сайсыз ок атуучу куралды тапшырган факты, Аксы РИИБде 4 факты катталса, Сузак РИИБде ок атуучу куралдарды өз эрки менен менен тапшырган 1 факты катталган. Таш-Көмүр шаарынын жашоочулары шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине 1 сайсыз ок атуучу курал жана 1 сайлуу ок атуучу курал, Базар-Коргон РИИБге 1 ок атуучу куралды өз эрки менен тапшырышкан.
Ошондой эле Сокулук РИИБде такталбаган үлгүдөгү тапанчаны өз эрки менен тапшырган 1 факты катталган.
Эгерде жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого, колдонууга уруксат берилбейт. Ок атуучу куралды тез арада ички иштер органдарына тапшыруу керек, анткени кылмыш жоопкерчилигине тартылып калeece мүмкүн.
Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды, жарылуучу заттарды өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыруу максатында ички иштер органдарына баруу милдеттүү эмес, милицияга телефон аркылуу чалып, ок атуучу куралды жана ок-даарыларды өз эрки менен тапшыра турганыңарды билдирүү менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө маалымдап коюу керек. Бул учурда жарандар ок атуучу куралды сактагандары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.
“Майдан-пресс”, “Майдан. kg” гезити